Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБин кайра куруунун 4 варианты иштелип чыкты

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 197 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборун кайра куруу, оңдоп-түзөө боюнча Энергетика министрлигинде кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБди кайра куруу боюнча 4 варианттагы таанытым жасалды. Аны менен катар ЖЭБдин энергоблоктору эскиргени, аны оңдоо заманбап техникалык чечимдерди талап кылары айтылды.

Таанытымдарды талкуулоо учурунда Акылбек Жапаров ЖЭБди кайра курууда абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга көңүл буруу керек экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоодо борбордук түйүндөн ажыратып, жергиликтүү ЖЭБдерди жана отканаларды куруу зарылчылыгына токтолду.

Жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга ар бир жеке долбоор боюнча экономикалык эсептөө жүргүзүүнү тапшырды.

Айта кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болгон. Анын кесепетинен беш кызматкер жабыркап, анын экөө учурда Түркияда дарыланып жатышат.

Жарылуудан чыккан өрт саат 4:55те чектөөгө алынып, 5:45те толук өчүрүлгөн. Бул боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген ыкчам штаб ушул тапта да иш жүргүзүп жатат.

ЖЭБде жарылуу болгон күнү Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек берип, толук жаңыланарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM