Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык. Кытай 100 миң доллар бөлөт

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 200 | 0

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун бийлиги Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга 100 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугушту.

Гуманитардык каржылык жардам Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан жакын арада которулары кабарланды.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев кытай тарапка ыраазычылык билдирип, гуманитардык жардамдын көрсөтүлүшү Кыргызстан менен Кытай элинин ортосундагы терең достукту чагылдырарын белгиледи.

Быйыл 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарылануу үчүн жөнөтүлгөн.

Бул кырсыктын себептерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Анын жетекчилигине министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM