Бакыт Чомоев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
12-февралда аны ишкананын жамаатына транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды.
Бакыт Чомоев буга чейин аталган ишкананын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.