Connect with us

13-февралдын аба ырайы

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 1058 | 0

Эртең, 13-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерне туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM