Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча бир жумада 422 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 82 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 5-февралдан 11-февралга чейинки көзөмөлдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялады.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлкө аймагында 23 миң 413 жол эрежесин бузуу катталып, анын ичинен:

  • 345 айдоочунун тийиштүү документи жок болгон;
  • 422 айдоочу мас абалында кармалган;
  • 47 айдоочу айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган;
  • 3 миң 352 айдоочу эксплуатациялоо эрежесин бузган;
  • 3 айдоочу ээнбаштык кылганы үчүн кармалган;
  • 4 миң 25 айдоочу ылдамдыкты чегинен ашырып жиберген;
  • 8 айдоочу жасалма мамлекеттик номур тагып алган;
  • 1 миң 526 жөө адам жолдо жүрүү эрежесин бузган;
  • 13 миң 685 айдоочу ар кандай эреже бузган.

Жол эрежесин бузган 1 миң 913 айдоочунун унаасы айып короого токтотулган.

Ошондой эле учурда жол кырсыктарын болтурбоо максатында «Бахус» рейди өтүп жатканы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM