Биз менен байланышыңыз

Президент АКШны Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 261 | 0

Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин кайрылуу катына расмий жооп кайтарды. Жооп каттын толук текстин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Маалымат катчынын түшүндүрмөсүнө караганда, мамлекет башчысынын жооп каты 9-февралда жазылып, аны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге тапшырган.

Айта кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ушул жылдын 17-январында Президент Садыр Жапаровго Кыргызстандын парламенти биринчи окууда кабыл алып, экинчи окууга жөнөткөн «Коммерциялык уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбооруна, анын ичинде «Чет өлкөлүк агенттер» бөлүмүнө тынчыздануусун билдирген кайрылуу кат жолдогон. Анда Энтони Блинкен мыйзам кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар жарандык жана кылмыш иштер боюнча жазалоого кириптер болорун, бул өлкөдөгү эң улуу нерсени коркунучка кабылтаарын айткан. Андан тышкары экономика, саламаттык сактоо, энергиянын таза булактары тармактарына болгон эл аралык жардамдарды азайтарын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров жооп катында Энтони Блинкендин кайрылуусун мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалап, айрым туура эмес пикир тараткандарга ишенбөөгө чакырык таштаган. Ошол эле учурда «Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берип өткөн.

«Бүгүнкү күндө он миңдеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда. Албетте, «чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик көзөмөл болушу керек?» деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар. Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламенттин) депутаттары демилге кылган жана биринчи окууда кабыл алган мыйзам долбоорунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдун ишине байланышкан жоболор киргизилүүдө жана «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын ресстрин жүргүзөт» деген ченем каралууда. Ошол эле учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан «Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө» мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм. Белгилүү болгондой, FARA Мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. «Каттоодон кечиксе же баш тартса, административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат» деп турат. Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат: эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?» — деген мамлекет башчысы Садыр Жапаров.

Аны менен катар мамлекет башчысы Кыргызстанда соңку үч жылда көп нерселер өзгөргөнүн, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда Кыргызстан 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээлегенин айтып өткөн; эл менен бийликтин ортосундагы байланышты Элдик курултай жүргүзөрүн билдирген.

Андан тышкары чет өлкөлөрдөн каржылык колдоо алып иштеп келген уюмдарды колдой турганын айтып, аларга коюлган талаптарды ачыктаган:

«Биздин негизги талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, анын ичинде Салык кодексинин ченемдери аткарылууга тийиш;
  • өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин ачык-айкындыгы, алардын салык органдарынын алдындагы отчеттуулугу камсыз кылынууга тийиш.
  • коомбуз, мамлекетибиз тигил же бул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмду каржылоо кайсыл булактан жүрүп жатканын жана кандай максаттарга жумшалганын билиши керек.

Биздин аларга койгон талаптарыбыз ачык-айкын жана түшүнүктүү, муну коомубуз колдоп жатат, Кыргыз Республикасынын Конституциясына да, ошондой эле биздин эл аралык милдеттенмелерге да туура келет. Бирок Кыргызстандагы «эркин ЖМК жана ӨЭУ» деген атты жамынгандардын өкүлдөрү мамлекеттик органдар демилге кылган чет өлкөлүк агенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорлоруна таптакыр каршы чыгышты», — деген Президент.

Кыргызстандын коммерциялык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уставдык ишине кийлигишпесин айткан мамлекет башчысы: «Бул мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, кантип ал сиз жазгандай: «АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өкмөттүк эмес уюмдар ишке ашырып жаткан программалар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу жашоо үчүн маанилүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарыбыздын алуусуна коркунуч жаратары» мага түшүнүксүз болууда? Сынга кабылган мыйзам долбоорлору «кылмыштарды болтурбоо, адамдардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, кадыр-баркын жана укуктарын коргоо максатында улуттук коопсуздуктун же коомдук тартиптин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон учурларда идеяларды, маалыматтарды алуунун жана таратуунун эркиндиги мыйзам менен чектелиши мүмкүн» деген төмөнкү эл аралык укуктун ченемдерине жана жалпыга таанылган принциптерине таянат:

  • Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европа конвенциясы (10-берене);
  • Адамдын укуктарынын жалпы декларациясы (29-берененин 2-пункту);
  • Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берененин 3-пункту жана 20-берене);
  • Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (10-берене);
  • Жалпыга маалымдоо каражаттары жана адам укуктары жөнүндө Европа Кеңешинин декларациясы (1970-жыл) жана башкалар», — деген пикирин билдирген.

Ошондой эле өлкөдөгү көпчүлүк өкмөттүк эмес уюмдар ачык-айкын иштеп жатканын, азыраак бөлүгү «өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө», жалпы элге туура эмес маалыматтарды таратып жатканын белгилеген.

«Соңку отуз жылдын ичинде өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн келген акча каражаттарын «жеп алып», «үй-бүлөлүк ишканага» айланган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын өзүнчө бир катмары пайда болгонун баса белгилейм (кыргыз коому аларды «грант жегичтер» деп атап койгон). Бул тууралуу өлкөбүздөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында көп жолу жазышкан. Зарыл болгон учурда сизге тиешелүү маалыматтарды бергенге даярбыз.

Өздөрүнүн «кыйынчылыктары» жана «куугунтук көргөндүгү» жөнүндө айтып, шылуунчулук кылып, туура эмес маалымат бергендер чет өлкөлүк демөөрчү түзүмдөрдү адаштырып, АКШнын жана Евросоюз өлкөлөрүнүн салык төлөөчүлөрүнүн акчаларын жөн эле коротуп жатышат. Ушуга байланыштуу мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес уюмдарды жок дегенде соңку он жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам», — деген Президент.

Мамлекет башчысы сөзүнүн соңунда Энтони Блинкенден туура эмес маалыматтарга ишенип, Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөнү өтүнүп, чыныгы абалды мамлекетке келип, көрүп кетүүгө чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM