Биз менен байланышыңыз

ӨКМ Бишкек ЖЭБиндеги калыбына келтирүү иштерин аяктады

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 145 | 0

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн  тиешелүү иштер толук аягына чыгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

2-февралдан тарта ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды сордуруу, курулуш кадыктарынан тазалоо жана жылуулоо ишин жүргүзүштү.

Мындан сырткары атайы даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен чатырын оңдоп-түзөө жана жабуу ишине көмөктөштү. Өрт чыккан аймагында изилдөө иштери жүргүзүлүп, сыноо лабораториясы тарабынан өрттүн себептери аныкталууда.

2-9-февральга чейин ӨКМден жалпы 120 куткаруучу, 24 техника тартылган. Жеринде кызматкерлердин тамактануусу үчүн 10 чатыр жылынуу пункту катары даярдалган.

Ал эми ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек.

2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарылануу үчүн жөнөтүлгөн.

Бул кырсыктын себептерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өкмөттө комиссия түзүлгөн. Анын жетекчилигине министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM