Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстанда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштейт

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 154 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарында Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушканын өкмөттөн кабарлашты.

Ал Кыргызстанда түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштей турганын айтып, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды.

«Түркиялык подрядчылар Кыргызстанда буга чейин 70ке жакын долбоорду ишке ашырды. Түрк компаниялары бул долбоорлор аркылуу өлкөбүздүн өнүгүү демилгесин колдоого алышты. Албетте, биз муну менен токтоп калбайбыз. Келечекте дагы бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп терең ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы Кыргызстанда акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7%ды түзүп, ички дүң продукция былтыр 1 трлн 228 млрд сом болгонун айтып берди.

Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын менеджментин жана алдыңкы технологияларын, инвестицияларды тартууга кызыгуусун билдирди.

«Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргыз Республикасынын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири», — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров расмий сапар менен Анкара шаарына 8-февралда барды. Ал соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Ошондой эле өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугуп, бир катар ишканалар менен таанышат.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлары кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM