Биз менен байланышыңыз

12-февралда кезектеги бейтаптын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу операциясы жасалат

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 154 | 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтап 9-февралда үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптан жана ага бөйрөк алмаштырууда донор болгон атасынан кабар алды.

Министрликтин маалыматына караганда, 12-февралда кезектеги бейтапта бөйрөгү бекер алмаштырылат.

Быйыл 50 адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүнгөн.  Министрликте 50 бейтапты тандап алууга комиссия түзүлгөн. 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 22 жаштагы кызга бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 2654 бейтап бюджеттик гемодиализ алат.

8-февралда Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүү үчүн кетишкен.

Бөйрөктү алмаштыруу боюнча кайсыл жакка кайрылуу керек?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM