Connect with us

Аба ырайы: Эртең күн ачык болот

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 190 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-12-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашууда, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөрүн билдирди.

Эртең, 10-февралда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,

Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +14…+16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM