Бишкекте 10-11-февралда айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул жол жарманке Биринчи Май районунун Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде таңкы саат 8:00дөн 18:00гө чейин болот.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номуруна кайрылып, толук маалымат ала алат.