Connect with us

Акылбек Жапаров Ататүрктүн мавзолейине барды

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 152 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн негиздөөчүсү жана биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн «Аныткабыр» мавзолейине барды.

Жапаров Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, анын элесин эскерди. Андан соң ардактуу меймандар китебине кол тамгасын калтырып, мавзолейди көрүп чыкты.

«Аныткабыр» мавзолейи Мустафа Кемал Ататүрктүн урматына салынган жана ал мамлекеттин коргоосунда.

Акылбек Жапаров расмий сапар менен Анкара шаарына 8-февралда барды. Аны аэропорттон Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды.

Акылбек Жапаров соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Ошондой эле, өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугуп, бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлары кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM