Биз менен байланышыңыз

Бишкекте миңдей маршрутканын ордуна автобустар каттамга чыкты

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 126 | 0

Бишкектеги коомдук транспорттон 986 кичи автобус чыгарылганы шаар мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк иши боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү эки тарапка тең бошотулду. Бул тилкеде кичиавтобустардын ордуна автобустар каттай баштады.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатовдон Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүн маршруткалардан бошотуу долбоорлору иштелип чыкты. Бул жерде да эки маршруттук линия автобустарга алмаштырылат.

Мэрия 2023-жылы миңдей жаңы автобус алып келингенин билдирген. Мындан тышкары, быйыл 120 электробус сатып алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM