Биз менен байланышыңыз

Байсалов Жалал-Абад облусун кыдырууда

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 118 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусунда бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышты.

Ноокен районунун Достук айылында жаңы китепкана жана мектепке чейинки билим берүү мекемеси, Кочкор-Ата шаарында Насирдин Исанов атындагы лицейдин спорт залы, №14 орто мектептин 250 окуучуга ылайыкталган кошумча имараты ачылды.

Байсалов анда сөз сүйлөп жатып:

«Билим берүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биз ар бир бала жана өлкөбүздүн ар бир тургуну сапаттуу билим алып, толук кандуу жашоо үчүн зарыл болгон социалдык жеңилдиктерди ала ала турган шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», — деп билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM