Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБинин активдүү кубаттуулугу саатына 300 МВт болууда

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 133 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерин текшерди.

Ага 8-февралга карата Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилген.

«Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоп-тазалоо иштери бүгүн кечке жуук бүткөрүлөт, чатырды оңдоо иштери уланууда», — деген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Акылбек Жапаров андан кийин «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына барып, Кара-Кече кенинен борбор калаанын ЖЭБине көмүрдү ташуу жана жүктөө процесси менен таанышкан, жетекчилик менен кеңешме өткөрүп, ишкананы жакынкы беш жылга өнүктүрүү планын тез арада сунуштоону тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM