Кыргызгидромет билдиргендей, 9-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +11…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.