Биз менен байланышыңыз

Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенттигине жалгыз талапкер болду

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 162 | 0

Кыргыз футбол союзу жетекчиликтин курамына талапкерлер аныкталганын «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Шайлоо комитетинин жыйыны кечээ, 7-февралда өткөн. Анда 5-февралга чейин келип түшкөн президент, биринчи вице-президент, вице-президент, аткаруу комитетинин мүчөсү кызмат орундарына ат салышууну каалагандардын арыздары каралып, талапкерлердин тизмеси бекитилген.

«Талант» футбол клубунун сунушу менен союздун президенти кызматына бир гана Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилген.

Андан тышкары биринчи вице-президент кызматына Нурдин Букуев, вице-президент кызматына К. Абдыкадыров, А. Маматов, Д. Ералханов, аткаруу комитетинин мүчөсү кызматына Аскар Салымбеков баштаган 10 адам талапкер катары катталган.

Маалым болгондой, 19-февралда Novotel мейманканасынын жыйындар залында Кыргыз футбол союзунун кезексиз конгресси өтөт. Анда жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.

Айта кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия Кубогунда тайпадан чыкпай калган. Буга байланыштуу 29-январда кезексиз жыйын өтүп, Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти кызматынан кеткен.

Андан кийин 31-январда мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргыз футбол союзунун президенттигине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди сунуштаганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM