Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков иштен кетти

Кыска кабар , Спорт | 29 Янв 2024 | 569 | 0

Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков иштен кетти. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 29-январда Кыргызстандын футбол бирикмесинин кеңсесинде мекеменин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия Кубогундагы оюнунун жыйынтыгы тууралуу Медербек Сыдыковдун маалыматы угулду. Ошондой эле Медербек Сыдыков КФУнун президенти кызматынан кеткендигин билдирди.

«Бул чечим ата мекендик футболду өнүктүрүүгө жаңы дем берүү, ошондой эле КФУнун башкаруу командасына жаңы адамдарды тартуу зарылдыгы менен негизделди», — деп айтылат маалыматта.

2021-жылы октябрда Медербек Сыдыков 4 жылдык мөөнөткө Кыргыз футбол бирикмесинин президент болуп бекитилген.

Быйыл Катарда өткөн Азия Кубогунда F тайпасында Таиланд, Сауд Арабия жана Омандын курама командалары менен ойноду. Таиланд менен Сауд Арабияга 0:2 себинде утулуп, Оман менен тең чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM