Биз менен байланышыңыз

Бөйрөк алмаштыруу боюнча Түркияга окууга 8 дарыгер жөнөтүлөт

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 157 | 0
Саламаттык сактоо министри Түркияга бара турган дарыгерлер менен

Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүшөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүн, 8-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугушкан.

Анда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү жаатындагы буйругунун негизинде Түркиядагы алдыңкы клиникалардын бири менен сүйлөшүү жүргөнү айтылган.

Буга байланыштуу госпиталдын 8 урологу Түркиядан окуп келүүгө тандалып алынган. Алардын төртөө эртең, 9-февралда Түркияга жөнөп кетишет. Калган төртөө бир айдан кийин жөнөтүлөт.

Айта кетсек, буга чейин 13 дарыгер Түркиянын Инөү медициналык университетине боорду алмаштыруу боюнча үч айлык окууга кетишкен.

Кыргызстандын дарыгерлери боорду алмаштыруу окуусуна жөнөп кетишти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM