Connect with us

Депутат Абакиров мугалимдерге жакшы айлык төлөөнү сунуштады

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 514 | 0

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында «Альянс» фракциясынын депутаты Элдар Абакиров мугалимдердин айлык акысы тууралуу маселе көтөрдү.

Депутат бир катар мектептердин мугалимдеринин айлык акысына анализ жасап, алар орточо айлык акыдан бир топ аз маяна алышарын изилдеп көргөнүн айтты. Абакиров мугалимдерге татыктуу маяна төлөп, билим деңгээлин көтөрмөйүнчө, алар берген билим күчтүү болбой турганын эскертти.

«Мен он чакты мектептеги мугалимдердин айлыктарын анализдеп чыктым. Мисалы, жаңы иштей баштаган, даражасы бакалавр болгон тил сабагынан берген жаш мугалимдер 14 миң 600 сом айлык алат экен. Математикадан окуткан мугалим 17 миң 128 сом, кыргыз-орус тилинен сабак берген стажы бар мугалимдер 17 миң сомдун тегерегинде айлык алышат, математикадан окуткан стажы барлар 18-19 миң сом алышат. Бул бир ставка.

Демек, мугалимдин айлыгы минималдуу эсептик кирешеден болгону 5-6 миң сомго көп болуп жатат. Кыргызстан боюнча орточо айлыктан 1,5 эсе аз болууда. Билим берүүнүн сапаты мугалимдин билим деңгээлинен жогору боло албайт. Ошондуктан күчтүү мугалимдерди алып, жакшы айлык төлөп бере албасак, сапат оңолбойт. 1,5 млн окуучуга 80 миңдей мугалим бар» , — деди депутат Элдар Абакиров.

Улуттук статистика комитети 2023-жылдын 9 айына карата орточо айлык акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7%га өсүп, ал 32 сомду түзгөнүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM