Биз менен байланышыңыз

Президент: Сөз эркиндиги жок болсо, аскер айым кайрылуу жасабайт эле

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 364 | 0

Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу бар болгону үчүн аскер айым кайрылуу жасады. Мындан тариздеги пикирин Президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет», — деди мамлекет башчысы.

Айта кетсек, кечээ, 7-февралда «Кабар» улуттук маалымат агенттиги Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маегин жарыялаган. Анда мамлекет башчысы 11 журналисттин камалышы, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин сакталышы, адам укуктары, бул жааттагы эл аралык рейтингдин жыйынтыгы боюнча пикирин билдирген.

Президент өз сөзүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу сакталарын, бийлик калпыс кадамга барса, эл эчак көтөрүлүп кетмегин, «сөз эркиндиги жок» дегендер «лжемекенчилдер» экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM