Биз менен байланышыңыз

Президент: «Кыргызстанда сөз эркиндиги жок» дегендер – «лжемекенчилдер»

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 161 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде камакка алынган 11 журналист боюнча пикирин билдирди.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө мүмкүн эмес. Эгер бийлик андай кадамдарга барса, эл көтөрүлүп кетмек. Ошол эле учурда «сөз эркиндиги жок» дегендер – «сөз эркиндиги» деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, өлкөгө бүлүк салууну пландап жүрүшкөн «лжемекенчилдер».

«Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. «Сөз эркиндиги» деген терминге жамынып алып, биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат.

Ал эми чыныгы сөз эркиндигин колдонуп, бийликти сындап, бийликте олтурган коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айтып тургусу келген жарандарыбыздын жөнү башка. Алардан бизге бир гана пайда келет. Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу, же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин», – деди мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы андан тышкары буга чейин өлкөдө башаламандык болуп келгенин, азыр бардык тармак иретке салынарын, ага убакыт керектигин кошумчалады.

Айта кетсек, 16-январдын таңында милиция кызматкерлери «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кабарчыларынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн ИИМге суракка алып кетишкен.

Кармалган журналисттер Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакта калтырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM