Биз менен байланышыңыз

Депутат: Ош-Баткен-Исфана жолунун Кызыл-Кыянын аймагындагы бөлүгү сапатсыз салынган

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 210 | 0

Ош-Баткен-Исфана жолунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы бөлүгү сапатсыз салынганын депутат Ырысбек Атажанов айтып чыкты.

Ал парламенттин 8-февралдагы жыйынында билдиргендей, Ош-Баткен-Исфана жолунуну Кызыл-Кыя аймагындагы бөлүгүндө тротуарлар, жолдун четиндеги тосмолор курулуп бүтпөй калган. Жол чырактарынын темири орнотулуп, өзү коюлбай калган.

«Былтыр биз Транспорт министрлигине «жол чырактарын коюп бергиле» деп кайрылганбыз, көңүл бурулган жок. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жол кырсыгы көп катталып жатат, окуучулардын жолдон өтүүсү кооптуу», — деди депутат.

Кыргызстанда Ош-Баткен-Исфана жолу стратегиялык маанидеги жолдордун бири болуп эсептелет. Ал бир гана жеңил унаалар эмес, коңшу өлкөлөргө жүк ташуу үчүн да пайдаланылат.

Copyright © 2017 Maral FM