Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: ЖЭБдеги кырдаалды иликтеген комиссиянын иши аягына чыга элек

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 143 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында себептер аныкталып, мындай жагдайга жол бербөө боюнча чаралар сунушталат. ЖЭБдин негизги жабдууларын калыбына келтирүү, толук модернизациялоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча сунуштар, локалдуу жылуулук электр станцияларын жана буу казандарын курууну эске алуу менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун борбордон ажыратуу боюнча сунуштар камтылат.

Мындан тышкары, күнөөлүү адамдарга карата чара көрүү боюнча сунуштар киргизилет.

«Учурда себептери белгисиз, ар кандай варианттар каралып жатат, окуянын чоо-жайын аныктаган мекемелер аралык комиссиянын ишинин бүтүшүн күтүү керек», — деп Бакыт Төрөбаев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматына караганда, Орусиядан алты адис келген, ЖЭБдеги кырдаал иликтенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM