Биз менен байланышыңыз

Түркия, Сириядагы зилзала: 60 миңдей адамдын өмүрүн алган каргашага бир жыл

Дүйнө , Коом | 6 Фев 2024 | 535 | 0

Былтыр 6-февралда Түркия менен Сириянын чектеш аймагында күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Андагы апааттан Түркияда 50 миңден ашуун адам көз жумган. Жүз миңдеген адам жарадар болуп, көп кабаттуу үйлөр урап, миңдеген жаран үй-жайсыз калган. Ушундай эле жер титирөө Сирияда да катталып, алты миңден ашуун адам каза болуп, үйлөр ураган. Апаат учурунда Түркияда бир кыргызстандык да көз жумган. 

Түркияда жүргөн мекендештердин зилзаладан кийинки бир жылы кандай өткөнүн, кандай өзгөрүү болгонун жана азыр абал кандай экенин баяндайбыз.

«КАТТУУ КОРКУП КАЛГАНЫМДАН, АЗЫР ДА ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ КАЛА АЛБАЙМ»

2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркия менен Сириянын чектешкен аймагында катуу жер титирөө катталып, ал каргаша 60 миңдей адамдын өмүрүн алган.

Ошол кезде жер титиреген аймактарда бир нече кыргызстандык жаран окуп, иштеп жүргөн. Алардын бири Рахат Ташматова Адана шаарында он жылдан бери жашап, иштеп келет.

Рахат ал күндү эстегенде азыр да жүрөгү зыркырап кетерин айтат. Бүгүнкү күнгө чейин коркуу сезиминен чыга албай, учурда башка аймактарда эс алып жүрөт.

«Он жылдай убакыттан бери Аданада жашайм. Былтыр болгон жер титирөөдөн катуу коркуп, стресске түшүп кеттим. Апааттан кийин стресстен чыгуу үчүн бир канча ай Орусияда жүрдүм, кийин Кыргызстанга бардым. Зилзала болгон учурда жатак бөлмөдө элем, азыр деле үйгө киргенде «качан жер титирөө болуп кетет экен?» деген коркуу менен жашап келебиз. Үйдө жалгыз кала албай калдым, жолдошум эртең менен жумушка кеткенде мен да кошо чыгам. Ал жумуштан келгенче өзүмдүн жумуштарымды бүтүрүп, үйгө келишин күтөм. Аданада көп убакытка кала албай жатам, коркуу кыйнап жатат. Азыр да Мерсинге, деңиздин жээгине эс алганы келгем».

Рахат элде дагы деле коркуу сезим бар экенин, бирок айла жок кайрадан ошол үйлөргө кирип жашоого мажбур болуп жатышканын кошумчалады.

«СТРЕССТЕН УЛАМ АЛТЫ-ЖЕТИ АЙ ИШТЕЙ АЛБАДЫМ»

Дагы бир мекендешибиз Майрамкан Маматказиева беш жылдан бери Аданада карыя багып иштейт.

Ал биз байланышкан учурда телевизордон мындан бир жыл мурда болгон окуяларды көрүп, көзүнө жаш алганын айтты.

Майрамкан бир жыл кандай өткөнүн, кандай кыйынчылыктар болгонун баяндады:

«Бир жыл биз үчүн оор эле болду. Жер титирөөдө катуу корккон элем, стресс болуп, көп кабаттуу үйлөргө алты-жети ай кире албай койдум. Коркуудан иштей да алган жокмун, жумушка чыкканыма аз гана убакыт болду. Кээ бир аймактарда болгон жер титирөөлөрдү угуп, Кудай сактасын деп эле отурабыз». 

«УРАНДЫНЫН АСТЫНДА ТОГУЗ СААТ ЖАТТЫК»

Фатма Курт үй-бүлөсү менен урандылардын астында тогуз саат жаткан. Андан кийин куткаруучулар алып чыккан. Зилзалада 12 жаштагы уулу көз жумган. Ал уранды астында жатып, «телефонумду ким тапса, жакындарыма айтып койсун, биз алардан кечирим сурайбыз» деген видео тарткан.

Учурда алар түрк бийлиги куруп берген үйдө жашап жатышат. Фатма ошол учурду эстеп, буларды айтып берди:

«Урандылардын астында тогуз саат кантип жатканымды сөз менен айтып бере албайм. Тирүүлөй көмүлүп, өлүмдү күтүү оор нерсе экен. «Күткөнчө эртерээк эле өлсөм экен» деп калат экенсиң. Бир жыл биз үчүн өтө оор өттү. Бир жагынан баламды жоготтум, экинчи жагынан ошол күнкү окуя дагы деле көз алдымда турат. Дагы деле «жер титиресе, эмне кылабыз?» деген коркуу бар».

Апааттан кийин жер титирөө болгон аймактардагы курулуш иштери текшерилип, имарат салууда көптөгөн катачылыктарга жол берилгени, сапатсыз материалдар колдонулганы аныкталган. Анын негизинде бир канча курулуш компаниясына иш козголгон. Айрым курулуш кожоюндары өлкөдөн качып баратканда кармалышкан.

Быйыл 3-февралда Президент Режеп Тайип Эрдоган Хатай провинциясына барып, алгачкы этапта салынган 7275 батирдин ээлерине ачкыч тапшырды. Ал былтыр 11 облус, 124 район, 7 миңге жакын айыл-кыштак кыйраганын, 14 миллион жаран кырсыктан жабыркаганын белгиледи.

Түрк бийлиги жыл аягына чейин 200 миң үйдү ээлерине тапшырууну ниет кылууда.

«УРАНДЫ АСТЫНДА ҮЧ КҮН ЖАТТЫК»

Сонгүл Гоксу иниси экөө уранды астында үч күн жаткан. Буттарын уранды басып калгандыктан катуу жаракат алып, кестирүүгө аргасыз болгон. Ал өз сөзүндө кесилген бутунан мурда атасынын бул кабарды айткандагы абалына кабатыр болгонун баяндаган.

Сонгүл учурда жасалма бут менен басууга аракет көрүп жатат. Зилзаладан кийин паракаратэ менен машыгууга өткөн.

«Дарыгерлер үйдөгүлөргө «бутумдун кесилгенин айтпагыла, абалы оорлоп кетиши мүмкүн» дептир. Бутумдун кесилгенин укканымда бутум эмес, бул кабарды мага айткан атамдын абалы көп ойлондурду. Ооруканада жатканда кантип басам деп ойлончу элем, жасалма бут жөнүндө эч кабарым жок болчу. Бир канча жолу операция болдум. Келечегимди көп ойлондум, «бул жактан чыккандан кийин кантип басам, эми чуркай албай каламбы?» деген ойлор кыйнап жатты.

Ошондой күндөрдүн биринде атам спорт адиси келгенин, ооруканадагыларды спорт менен машыктырып жатканын айтты. Алгач көңүлүм эч чаппады. Атам үчүн чыгып көрдүм, ал жердеги адамдарды көрүп, «мен да жасай алам, менин да колумдан келет» деген кызыгуу пайда болуп, жашоого үмүтүм тутанды. Жер титирөөгө чейин жашоомдо спорт жок болчу. Буюрса, алдыда Түркиянын биринчилиги өткөнү турат. Ал биринчи мелдешим болмокчу».

Зилзаланын бир жылдыгына карата 2-февралда Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая атайын жыйын уюштуруп, апаатта жалпысынан 53 миң 537 адам шейит кеткенин, 100 миңден ашык адам жараат алганын маалымдады. Министр билдиргендей, 11 провинцияда дээрлик 39 миңдей имарат ураган.

Былтыр Түркиядагы жер титирөөдөн кийин 102 өлкө жардам сунуштап, 90 мамлекеттен куткаруучулар, медициналык кызматкерлер барган.

Кыргызстан Түркияга көптөгөн материалдык жардам, үй-жайсыз калгандар үчүн боз үйлөрдү жөнөткөн. Андан тышкары 200гө жакын куткаруучу барып, Кахраманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерине катышып, уранды астынан сегиз адамды тирүү алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышкан.

Зилзалада бир кыргыз жараны каза болгон. Ал Хатай провинциясында карыя багып иштеп жүргөн. Анын сөөгү Токтогул районунда жерге берилген.

Copyright © 2017 Maral FM