Биз менен байланышыңыз

44 жаштагы Олжас Бектенов Казакстанга өкмөт башчы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 542 | 0

Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгонун «Акорда» сайты маалымдады.

1980-жылы туулган юрист Олжас Бектеновду бул кызматка бийликчил Amanat партиясы сунуштаган. Анын талапкерлигин тиешелүү фракцияларга мамлекет башчысы өзү көрсөтүп, парламенттин жалпы жыйынына да өзү тааныштырган. Жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин катышкан 76 депутаттын 69у колдоп берген.

Олжас Бектенов эмгек жолун баштаган 2002-жылдан тарта бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап, 2023-жылдын 3-апрелинен бери Президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Айта кетсек, кечээ, 5-февралда президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан өкмөт башчысын кызматынан алган, өкмөттү тараткан жарлыгын жарыялаган.

Касым-Жомарт Токаев андан тышкары премьер-министрдин орун басарын, тышкы иштер министрин, ички иштер министрин, коргоо министрин, Президенттик администрациянын башчысын дайындаган жарлыкка кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM