Биз менен байланышыңыз

ЖЭБдеги кырсык. Жапаров түркмөн президентине жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 178 | 0

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчылары мындан тышкары, биргелешкен аракеттер менен бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн  деңгээлине чыкканын белгилешти.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу Түркмөнстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары эки миң тонна (57 вагон-цистерна) суюлтулган газ жөнөткөн.

Гуманитардык жардам Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовдун сүйлөшүүлөрүнүн аркасында жиберилген.

2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM