Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең 12 градус жылуу болот

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 240 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-февралга караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, кечке жуук Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7.

Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +10…+12 болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM