Биз менен байланышыңыз

Эми мектептерде окуучулардын тамагына 14 сомдон бөлүнө баштайт

Билим-маданият | 5 Фев 2024 | 2046 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, эми мектептерде окуучулардын тамагына 14 сомдон бөлүнө баштайт. Тиешелүү токтомго Өкмөт 3-февралда кол койду. Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдарга бир маал тамак берүү үчүн окуучу башына 14 сомдон бөлүнөт. Бул маалыматты өткөн жылдын 25-декабрында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда маалымдаган. Айрым депутаттар көрсөтүлгөн сумма өтө эле аз экенин айтышкан.

Эми мектептерде окуучулардын тамагына 14 сомдон бөлүнө баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова быйыл мектептерде окуучулардын тамагына бөлүнгөн каражаттын суммасы көбөйтүлгөнүн маалымдады.

«Министрлер кабинетинин төрагасы социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринин тамактануу ченемдерин этап-этабы менен жогорулатуу үчүн 2024-жылдын 30-январында «Социалдык чөйрөдө тамактануу ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» №37 Токтомго кол койду. Токтомго ылайык, 1-4-класстын окуучуларынын, анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы жаратылыш-климаттык шарттары оор калктуу конуштарда жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын тамактануусу күнүнө бир окуучуга 14 сом эсебинде жүргүзүлөт. Бишкек жана Ош шаарларында 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусу тиешелүү шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен, жаңы ченем боюнча бир окуучуга күнүнө 14 сомдон кем эмес ишке ашырылат. Токтомдо ошондой эле Өкмөттүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 токтомунун тиркемесинин айрым пункттарын жаңыдан баяндалышы каралган».

Буга чейин башталгыч класстын окуучулары үчүн тамак-ашка бөлүнгөн акчаны 20 сомго чейин көтөрүүнү демилгелеген токтом долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги коомдук талкууга чыгарган. Бирок сунуш колдоо тапкан эмес. Министрлик буга мамлекеттик бюджеттеги каражаттын тартыштыгын жүйө келтирген.

Билим берүү тармагы боюнча адис Саадат Сатарова мектептерде башталгыч класстардын окуучуларынын тамагына бөлүн турган 14 сом аз, бирок 7 сомго салыштырмалуу жакшыраак экенин белгиледи.

Адис баланын сапаттуу билим алуусу жана дени сак болушу үчүн ата-энелер да демөөрчү болуп, балдарынын тамагына айына 100 сомдон кошуп турса болорун айтат.

Ал баланын мектеп курагында өнүгүүсү үчүн убагында тамактануу пайдалуу экенин кошумчалады.

«Жоктон көрө жогору. Бул балдардын убактылуу ачкачылыктарын жоюуга жардам берет. Балдардын билим сапатын жакшыртууга чоң жардам берет. Буга чейин 7 сом аздык кылат деп, 20 сомго көтөрүү сунушталган. Бирок биздин бюджет 14 сомго гана ылайыктуу болгондуктан 14 сомго көтөрүлдү. Бирок 14 сом 7 сомго караганда жакшы. Себеби балдарга бир аз болсо да сапаттуу азыктарды берүүгө шарт түзүлөт. Чындыгында бир окуучуга 14 сомго тамак уюштуруу аябай кыйын. Ата-энелер да бир аз жардам берсе жакшы болмок. Мисалы, айына 80-100 сомдон берип турушса, балдарга ысык тамак берсе болот».

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги АКШнын «Мерсико» уюмунун жардамы менен Кыргызстандагы 510 мектептин 110 миң окуучусуна ысык тамак берүү программасын киргизген. Беш жылдык программанын алкагында дагы 400 мектепке ысык тамак берүү пландалган.

Мектептердеги окуучуларга тамак берүү маселеси Жогорку Кеңеште да бир канча жолу көтөрүлгөн. Өткөн жылы 25-декабрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов бир окуучунун тамактануусуна канча сом сарпталарын аныктап, бааны ошого жараша белгилөө керектигин айткан.

«Буга чейин депутаттар министрликтер менен чогуу мектептерге барып, көрүп келдик. Ал жакта окуучулар кандай тамактарды жешет, көрүп келдик. Мугалимдер, окуучулар менен сүйлөштүк. Оптималдуу түрдө канча сомго көтөрүлсө, балдарга жетишерлик деңгээлде, организм талап кылган витаминдер менен тамактандыра алабыз деген суроо негизинде иштеп чыгып, 20 сомго токтолгонбуз. Бүгүн андан бери инфляция канча өстү. 20 сомго көтөргөндүн ордуна 14 сомго түшүрөбүз деп отурасыздар».

Адистер эгерде бала мектепте ачка болсо, анын үйрөнүшү, түшүнүшү, эстеп калышы жана өнүгүүсү кыйыныраак болорун айтышат. Ошондой эле алар мектепте берилген тамак-аш ачкачылыкка, балдардын микроэлементтердин жетишсиздигине жана аз кандуулугуна каршы күрөшүп, алардын окуудагы жетишүүлөрүн илгерилетерин белгилешет.

Буга чейин райондун борборлорунда жана шаарларда жайгашкан мектептерде бир баланын тамагына 7 сом каралса, тоолуу, алыскы аймактагы балдар үчүн 10 сом каралган.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1735 мектептин башталгыч класстарына ысык тамак берилип келет. Буга чейин ар бир баланын тамагына 7 сомдон каралса, эми жаңы токтомго ылайык, 14 сомдон бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM