Биз менен байланышыңыз

Белгилүү бренддерди мыйзамсыз колдонгондорго карата жаза катаалдашабы?

Коом | 5 Фев 2024 | 317 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 5-февралдагы отурумунда «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду. Документ автордук укукка байланыштуу маселелерди чечүүнү көздөйт. Мисалы, башка бирөөнүн брендин мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөштү күчөтүү, жазаларды катаалдатуу максатында иштелип чыккан. Талкуу учурунда депутаттар бул мыйзам долбоору керек экени, буга чейин чет өлкөлүк жана ички инвесторлор, ишкерлер автордук укукка байланыштуу жапа чегип келгенин айтышууда.

Мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген. Ал брендге айланган товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, иштерди башка бирөөнүн мыйзамсыз пайдалануусуна каршы күрөштү күчөтүүнү көздөйт. Эгер ошондой мыйзамсыз  иш-аракеттер болсо, ага каршы жаза чараларын күчөтүү каралганын демилгечи депутат айтты.

“Бүгүнкү күндө контрафакт менен күрөшүү керекпи же жокпу деген маселе турат. Албетте күрөшүү керек, канчалаган адамдар өмүр бою, жылдап эмгек кылып, өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бренддери чыгарат. Тилекке каршы, кээ бир адамдар аны бир эле тамгасын, бир аз бир жерин өзгөртүп коюп эле контрафакттарды контрабада менен алып келип жатат.

Биринчиден, мунун кесепети биздин атамекендик ишкерлерге тоскоолдук кылып жатат. Экинчиден, жарандарыбыздын ден соолугуна зыяны тийиүүдө. Ким билет аны кайда, кандай абалды жасалып жатканын. Биз бул маселени жою максатында жаза чарасын көбөйтүүнү туура көрдүк. Себеби мыйзам чегинде иштеген ишкерлер салыгын төлөп, талап кылган документтерди көрсөтүп иштеп келе жатат. Ал эми орто жолдон айрым жарандар контрабанда менен алып келип, мыйзам чегинде иштеген жарандарыбызга да тоскоолдук жаратып жатат”.

Марлен Мамталиев документти экинчи окууга алып келерде айып пул маселеси кайра каралып, суммасын азайтууга мүмкүнчүлүк болорун кошумчалады.

Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева айып пул өзгөртүүсүз эле калышы керектигин айтты. Ал бул мыйзам долбоору бирөөнүн эмгеги менен баюуну каалаган ишкерлердин ишине чектөө коюп, ишкерлик тармагына тартип алып келет деген ойдо.

Ал буга чейин чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга келип бренд жаратып, бирок кийин ал бренддин башка жарандар көчүрүп алып, чет өлкөлүк инвестор зыян тартып калганын мисал келтирди.

Сурабалдиева Кыргызстанда брендге айланган ата мекендик өндүрүштөрдү региондо мыйзамсыз колдонуп жаткандар да бар экенин кошумчалады.

«Бизде 30 жылдан бери иштеп, брендге айланган бир нече компания бар. Бишкекте, региондордо бренд жарата албаган кээ бир абийрсиз адамдар жылдап эмгектенип, иштеп брендке айланганда, анын атын колдонуп курулуш компания, ишкана жана башка нерселерди ачып алып жатышат. Биз өзүбүздүн сырттагы ишкерлерди да колдобойт экенбиз. Мен маалымат алуу үчүн «Кыргызпатентке» кайрылсам, айып пул эле бар экенин айтышты. Силерге жарандардан кайрылуу келгенде соттошкула. Сотошууда кыйын, мисалы, миллион жоготуу болсо, 10%ын сен төлөйт экенсиң. Колунда бар ишкер болсо барат, колунда жок ишкер болсо, жоготууга учурап турганда кошумча чыгым кылгысы келбейт да. Ушундай маслелер жаралып жатат, биз ички да, сырткы да ишкерлерди колдобойбуз».

Сурабалдиева бул мыйзам долбоору жөнөкөй адамдар үчүн эмес, алдамчылык жол менен ишкердик кылып жаткан жарандар үчүн экенин, бул жаатта иштерди күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев эмне үчүн Башкы прокуратура жана Өкмөт бул долбоорго каршы болуп жатканын сурады. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева мындай жүйө келтирди.

«Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин административдик-эксперттик топ иштеп жатат. «Ошол топ эле иштеп чыкса, максаттуу болмок» деген эле ойду айтканбыз. Андан сырткары башка беренелерге дал келиши керек деген негизде. Эгер өзүмдүн оюмду сурап жатсаңар, демилгечилер менен макулмун. Анткени бирөөнүн брендин пайдаланып, эки миңден 20 миңге чейин айып төлөп коюп, айыптуу жаран жазанын жоопкерчилигин сезбей, кайра эле ишин уланта берип, айып пулду сезбейт да. Айып пулду көтөрүү жагы туура эле каралган. Бизде эксперттик топ иштеп жаткандыктан, жалпы принципте айтканбыз».

Кыргыз Республикасында товардык белгинин ээсинин уруксатысыз эч ким аны пайдалана албайт. Башка жарандардын жана юридикалык жактардын ишмердик ишин жекелештирүү каражаттарын мыйзамсыз пайдаланган жарандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

«Кыргызпатенттин» директору Рахат Керимбаеванын айтымында, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укук бузуулар боюнча кодекс кабыл алынгандан бери 40 арыз келип түшкөн. Анын 13чү канааттандырылып, административдик жазалар менен белгиленген, бүгүнкү күндө төртөө кароо процессинде.

«Кыргызпатент» 50 миң сомго чейинки айып пулдарды гана караса, андан көп суммадагы айып пулдарды укук коргоо органдары карайт.

Copyright © 2017 Maral FM