Биз менен байланышыңыз

«Грэмми» аземинде Газадагы ок атууну токтотуу чакырыгы ташталды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 427 | 0

Быйыл америкалык «Грэмми» музыкалык сыйлыгынын негизгилерин аялдар алды. Сыйлык тапшыруу аземи 5-февралга караган түнү Лос-Анжелес шаарында өттү.

Жылдын эң мыкты альбому Тейлор Свифттин Midnights альбому болду. Ал ушуну менен төрт сыйлык алган биринчи ырчы болду.

Билли Айлиш «Жылдын ыры» номинациясын «Барби» тасмасында саундтрек катары коюлган What Was I Made For? ыры менен жеңип алды. Бул 1999-жылы Грэмми сыйлыгын алган Селион Диондун «Титаниктеги» My Heart Will Go On ырынан кийин биринчи жолу кино ыры эң мыкты ыр деп табылды.

Майли Сайрус «Эң мыкты үн жаздыруу» жана «Эң мыкты поп-соло аткаруу» номинациялары боюнча сыйлыктарды Flowers феминисттик ыры үчүн алды.

«Грэмми» сыйлыгынын үч номинациясын жеңип алган Boygenius кыздар тобунун мүчөлөрү Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга чакырган төөнөгүчтөрдү күрмөлөрүнүн жакаларына кадап алышканы таң калтырды.

Ырчы Энни Ленокс сахнада туруп: «Артисттер ок атышууну токтотууну колдойт. Дүйнөдө тынчтык болсун» деген чакырык таштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM