Connect with us

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкта жабыркагандар дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 201 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган эки адам жана январда тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү. Алар адистештирилген клиникалардын биринде дарыланат.

Жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп кеткен. Алар президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилди.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө жана атайын каражат бөлүнгөнү кабарланды.

2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болчу.

Ал эми  17-январда Бишкектин четиндеги «Фрунзе-1» авиабазасында тик учак кулап, бир аскер каза болуп, калган 10 жоокер ар кандай жаракаттарды алып, 4-шаардык ооруканага жана Улуттук госпиталга кайрылышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM