Connect with us

Кыргыз-тажик министрлери чек ара маселесин сүйлөшүштү

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 326 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 4-февралда тажик тараптын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал 4-5-февраль күндөрү Тажикстанда болот.

Расмий визиттин алкагында Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сирожиддин Мухриддин тар жана кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрөт.

Сапардын биринчи күндөгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр Кыргызстан Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгиледи. Кыргыз тарап мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселесин тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM