Connect with us

Учурда ЖЭБде 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат

Кыска кабар | 4 Фев 2024 | 329 | 0

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн дагы бир отказан ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымат таратты.

Учурда ЖЭБде жалпысынан 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат.

Бишкек ЖЭБнин жалпы кубаттуугу 270 МВт.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20200 т/саат, температурасы 40 градустан 61 градуска чейин.

Энергетика министрлиги ЖЭБги кырдаалдан жабыркап, Түркияга дарылануу үчүн кеткен кызматкерлерден тез-тез кабар алып, алардын жакындары менен тыгыз байланышта болууда.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM