Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн дагы бир отказан ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымат таратты.
Учурда ЖЭБде жалпысынан 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат.
Бишкек ЖЭБнин жалпы кубаттуугу 270 МВт.
Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20200 т/саат, температурасы 40 градустан 61 градуска чейин.
Энергетика министрлиги ЖЭБги кырдаалдан жабыркап, Түркияга дарылануу үчүн кеткен кызматкерлерден тез-тез кабар алып, алардын жакындары менен тыгыз байланышта болууда.
Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.