Биз менен байланышыңыз

Бишкек прокуратурасы ЖЭБдеги кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 337 | 0

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЖЭБге террордук акт, диверсия аныкталган эмес. Прокуратура кызматкерлери жарылууга магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелери сакталбаганы себеп болгонун тактаган.

«Натыйжада ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген. Ошону менен  бирге Бишкек шаарындагы турак жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Фактынын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 317-беренеси (магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырган.

Айта кетсек, бүгүн, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болду. Анын кесепетинен беш кызматкер жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Жарылуудан чыккан өрт саат 4:55те чектөөгө алынып, 5:45те толук өчүрүлгөн.

Учурда бул боюнча ыкчам штаб иш алып барып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM