Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык: адамдар жабыркап, ысык суу чектелди

Коом | 2 Фев 2024 | 385 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборунда түнкү саат 3төн өтүп жарылуу болду. Кырсыктан жалпы беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылды. Өрт жылуулук борбордун эски бөлүгүндө, алдын ала маалымат боюнча 14-от казандан чыккан. Миңден ашык абоненттин жылуулугу, 3 миңден ашык абоненттин ысык суусу өчтү. Бийлик өкүлдөрү калыбына келтирүү иштери бир жума ичинде аяктай турганын билдиришүүдө. Кырсыктын кесепетинен Бишкек шаарындагы мектептер жана бала бакчалар онлайн режимде окууга өттү. 

Бүгүн түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болду. Анын кесепетинен беш кызматкер жабыркап, ооруканага жеткирилди. Авариянын кесепетин аныктоо, иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, иш алып барууда. ЖЭБге президент Садыр Жапаров барып, окуя тууралуу маалымат алды. Андан соң «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, Бишкек ЖЭБи толук бойдон кайра оңдолорун айтты.

«Темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз«.

Бишкек жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров жарылуу тууралуу буларды баяндады:

«Бүгүн түнкү саат үчтөр чамасында от казанда жарылуу болуп, суунун температурасы дароо төмөндөдү. Ошондой эле электр энергиясын берүү 415 мегаватт кубаттуулуктан 150 мегаваттка түштү. Биз ошондон кийин жылуулукту бере албай калдык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери убагында келип, жарылуудан кийинки өрттү өчүрүп калышты. Станциянын үстүндөгү материалдар, күн чыгыш тарабындагы панелдер да учуп кетти. Биз азыр убактылуу болсо да жылуулукту кармап туралы деп жатабыз. Себеби түтүктөр тоңуп калбашы керек. Биз азыр резеврде турган үч отказанды ишке киргизип жатабыз».

Энергетика министрлиги бүгүн эртең менен маалымат жыйын өткөрүп, авария 14-от казанда болгонун, азырынча эмне себептен, кандай абалда абалда болгону боюнча маалымат такталып жатканын кабарлаган. Ошондой эле жылуулук менен камсыздоо системасы беш-жети күндө калыбына келерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев айткан. Министр түштөн кийин от казандардын абалы жакшы экенин, кырсык башка себептен болгонун маалымдады.

«Буга чейин 14-от казан деп ойлоп жатканбыз. Алдын ала иликтөө иштеринин жүрүшүндө газбы же көмүрдүн газыбы топтолуптур, ошол жерде төмөндөгөн шахта жер бар экен, ошол жерде жарылуу болгон. Азыркы учурда от казандардын абалы жакшы, эч бир жарылуу, жарака кеткен жерлери жок».

Учурда Бишкектин бир катар райондорунда жылууулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулган. «Бишкек жылуулук тармагы» ААКнын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ысык сууга чектөө киргизилгенин маалымдады. Анын айтымында, Бишкектин 3-5-6-7-11-12-кичи райондоруна, 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, Улан, Көк-Жар кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулган.

«Биздин кызматкерлер окуя болгон жерде түнкү саат төрттөн бери иш алып барууда. Жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ысык суу берүүгө чектөө киргиздик. Андан сырткары социалдык эмес объектилерге жылуулук берүү системасын чектеп жатабыз».

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын абалы сүрөттөрдө 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жылуулукта чектөө болгонуна карабай, үйлөрдүн баарында 18-21 градустук санитардык нормалар сакталарын убада кылды. Буга кошумча шаардагы социалдык эмес объектилерге жылуулук берүүдө чектөөлөр киргизилди. Бишкектеги мектеп жана бала бакчалар онлайн окуу режимине өтүштү.

Экономика министрлиги берген акыркы маалымат боюнча учурда жылуулук 53 градус менен берилип жатат. Ошондой эле энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн 22:00гө чейин баары калыбына келип, штаттык режимде иштей баштаарын айтты.

«Азыркы учурда бардык керектүү иштер жүрүп жатат, техникалар, каражаттар, адистер жетиштүү. Азыр акырындык менен температураны көтөрүп жатабыз. Бүгүн кечинде 22:00гө чейин бардык системаны штаттык режимде иштетүүгө аракет жасап жатабыз». 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев көрүлүп жаткан чараларды айтып берди.

«Азыркы учурда төрт от казан турат, аны кечке чейин газ, көмүрдүн жардамы менен ишке киргизебиз. Жылуулукту 50 градустан жогору берүүнүн аракетин көрүп жатабыз. Кийинки маселе суунун басымы түшүп кетти эле, этап-этап менен көтөрүп жатабыз. Баары калыбына келтирилгенден кийин жылуу суу бере баштайбыз».

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаиловдун айтымында, ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Биринин тулку-боюнун 80%га жакын бөлүгү күйүп калган. Бир адам күйүк бөлүмүндө дарыланып жатат, абалы туруктуу. Эки адам текшерүүдөн кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров ооруканага барып, кырсыктан жабыркагандардын абалын сурап, андан соң алардын жакындары менен жолукту.

«Жабыркагандардын абалы оор» деген маалыматты угуп, аябай кабатырландым эле. Кабар алып, бир аз өзүмө келип калдым. Экөө тең сүйлөп жатат, Кудай деп туралы. Эч кабатыр болбогула бардык дары-дармек берилет. Тиешелүү органдар бардык каражаттар менен камсыз кылат».

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде болгон кырсык боюнча чукул кеңешме өткөрүп, тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди.

Ал арада Башкы прокуратура бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси, 317-беренеси, 337-беренеси менен иш козголгонун, ишти тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине берилгенин кабарлады.

Буга чейин 2018-жылы Бишкек жылуулук электр борборунда катуу сууктан ири аварияга учураган. ЖЭБ толук иштен чыгып, шаарга жылуулук берүү үзгултүккө учураган. Авариянын себеби катары 2013-2017-жылдардагы ЖЭБди оңдоп-түзөө иштеринде кетирген кемчиликтер аталган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар жогорку кызматтагылар иштен алынган, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган «атка минерлер» камалган.

Copyright © 2017 Maral FM