Биз менен байланышыңыз

Бишкектин кайсы райондорунда жылуулук жок?

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 491 | 0

«Бишкек жылуулук электр тармактары» ишканасынын саат 15:00гө карата маалыматы боюнча, Бишкекте 1124 абоненттин ысык суусу жана 363 абоненттин жылуулугу өчүрүлдү.

Жылуулук электр борборунан чыккан жылуулуктун температурасы 33 градустан 48 градуска чейин ысыды. Учурда 2 от казан жана бир турбоагрегат ишке киргизилди.

Бишкектин 7-8-6-11-12-кичирайондорунда, Асанбай кичирайонунда жылуулук жок болууда.

2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Президент жана өкмөт башчы баштаган тиешелүү кызматтардын жетекчилери иш алып барууда. Садыр Жапаров авария борбордун эски бөлүгүндө болгонун, эми ЖЭБ толук жаңыланарын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM