Connect with us

Президент менен өкмөт башчы Бишкек ЖЭБине барды

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 349 | 0

Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Борбордогу жарылуудан кийин калыбына келтирүү иши жүрүүдө.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да жылуулук борборуна барды, учурда ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп жатат.

2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM