Биз менен байланышыңыз

Министр: Бишкек ЖЭБде атайын жардыруу болгон деген версия да бар

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 331 | 0

Бишкек Жылуулук электр борборунун ишин атайын үзгүлтүккө учуратуу (диверсия) болгон деген маалымат дагы текшерилүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептери боюнча эки версия бар.

«Биринчи версия атайын жардыруу уюштурулган деген күмөн бар,  Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен диверсия болгон деп божомолдонуп жатат. Анткени түнкү саат 03:00 чамасында ЖЭБ аймагында жарылуу катталып, бир нече жолу каттуу үн чыкты», — деп кошумчалаган министр.

Ошондой эле техникалык мүчүлүштүк болгон деген версия бар экенин айтып, учурда атайын кызматтын өкүлдөрү жеринде иш алып барып жатканын билдирген.

2-февраль түнү Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда авария катталды. Анда 5 адам жабыркап, эки адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми эки адамдын абалы оор. Бирөөсү өтө оор абалда реанимацияда жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM