Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги өрттү өчүрүүгө 6 куткаруу бөлүмү тартылды

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 410 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунун аймагында жарылуу болгондугуна байланыштуу түнкү саат 03:06да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу куткаруу бөлүмдөрүнөн жалпы 6 топ жана штаб тартылды.

Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен жылуулук борборунун 3 кызматкери жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген.

Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөө күйүк бөлүмүндө, абалы оор. Эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Белгиленгендей, жабыркагандар ооруканага түшкөндөн баштап министр Алымкадыр Бейшеналиев жеринде болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM