Биз менен байланышыңыз

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 190 | 0

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Бул комиссияны түзүү сунушун «Ынтымак» фракциясы киргизди. Депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы маселелерди караганын белгилеп, аталган маселелер өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары экенин кошумчалашты.

Комиссиянын курамына депутаттар Медербек Алиев, Аманкан Кенжебаев, Алишер Эрбаев, Талант Мамытов, Жаныбек Кыдыкбаев, Азамат Исираилов, Динара Ашимова киришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM