Биз менен байланышыңыз

Мамлекет башчылары канча сааттан укташат?

Блог | 1 Фев 2024 | 448 | 0

Мамлекет башчылары көптөгөн орчундуу маселелер менен алек болгонуна карабастан, айрымдары жетиштүү уктаса, кээ бири уйкусуздуктан жабыркап келишет. Президенттер канча саат укташат? Алардын иштөө режимдери кандай? Бул жаатта маалымат топтоп көрдүк.

Орусиянын президенти Владимир Путин

Владимир Путин суткасына 6-7 сааттан, көбүнчө 6 сааттан уктаарын айткан. Айрымдардан айырмаланып, ал спорт менен көп машыгат. Президент машыгуу ден соолугун эле чыңдабастан, ишине да дем-күч берерин белгилеп келет.

АКШнын президенти Жо Байден

Жо Байдендин канча убакыт уктаары так белгисиз. CNN телеканалы бул жаатта жүргүзгөн иликтөөсүндө АКШ президентинин эрте уктаарын, уктап жатканда апноэге (дем алуунун токтоп калуусу) кабылбоо үчүн жасалма дем алдыруучу аппаратты колдонорун баяндаган.

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын

Ким Чен Ындын саламаттыгы тууралуу маалымат жашыруун сакталып, өлкө ичинде да, сыртында да айтылбайт. Бирок Түштүк Кореянын чалгын кызматы жасалма интеллектинин жардамы аркылуу Түндүк Кореянын лидеринин салмагы болжол менен 140 килограмм экенин, анан да өтө аз уктай турганын аныктап чыгышкан.

Германиянын канцлери Олаф Шольц

«Сүйлөшүүлөрдөн же башка себептерден улам такыр уктай албай калган түндөрүм да болот. Бирок баары жакшы. Кээ бир учурларда уктоо режимим өзгөрүп турат, ошондуктан ашыкча тынчсыздануунун кереги жок», — деген канцлер бир маегинде.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 3 сааттан ашык уктабайт. Ага карабастан башкаларга салыштырмалуу алда канча сергек жүрөт. Анын сыры эч кимге маалым эмес.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян

Армениянын лидери да жумушка көп убакыт бөлгөндүгүнө байланыштуу 4-5 саат гана уктайт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган

Түрк президенти суткасына 5-6 саат гана уктаарын, мамлекеттик иштерди көп учурда түн ортосунда жасаарын айткан. Кайсы бир жолу суроолорго жооп берип жатып, «Өлкөдөгү административдик бийлик жумуш убактысында гана иштей турган кесип эмес. Сиз күнүнө 24 саат, жылына 365 күн иштеп, эл тандаган райондорго өкүлдүк кылып, шыктануу алышыңар керек. Эл менен бекем алака түзүү эң биринчи орунда турушу абзел. Мен президент катары ушундай иштейм», — деген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров уйку режими тууралуу «Мен ар кайсы убакта турам. Бирок ошого карабастан, 16-17 саат иштейм. Резиденциядагы президенттин иш бөлмөсүндө жана үйдө иштейм. Кээде кечиктирүүгө мүмкүн болбогон шашылыш иштер пайда болгондо, түн бир оокумда үйүмө министрлерди чогултканга туура келет», — деп билдирген.

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өлкө башына келгенге чейин эле «Миллиардер сыяктуу ойлон» аттуу китебинде болгону 4 саат уктай турганын жазган. Кийинчерээк президент болгондон кийин да ушундай режимди карманып келе жатканын айткан.

Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель

Германиянын мурунку канцлери, 16 жылдан ашуун өлкөнү башкарган Ангела Меркель буга чейинки билдирүүлөрүндө бош убактысын үнөмдөө үчүн уйкуну кечиктиргенин жана демалыш күндөрү гана жетиштүү уктаарын айткан.

Британиянын экс-премьер-министри Маргарет Тетчер

Британиянын мурунку премьер-министри, «темир айым» аталган саясатчы Маргарет Тэтчер да көбүнчө 4 сааттан ашык уктаган эмес. Кээ бир учурларда ал эки саатка да ыраазы болгон. Анын айтымында, саясатчы жумуш үчүн жашаган жана идеалдуу чач жасалгасы үчүн көп учурда уйкусун курмандыкка чалган.

Уинстон Черчилл

Англиянын дагы бир премьер-министри, көрүнүктүү саясий ишмер Уинстон Черчилль түнкү саат 3:00дөн эрте уктап, таңкы саат 8:00дөн кеч турчу эмес. Ошондой эле түшкү тамактан кийин бир саат уктаганга мүмкүнчүлүгү болгон.

Индиянын экс-премьер-министри Индира Ганди

Индира Ганди төрт-беш саат уктап, көп китеп окуган жана көп саякаттаган.

Даярдаган: Үмүт Аманатова 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM