Биз менен байланышыңыз

Пакистандын мурдагы премьер-министри дагы 10 жылга соттолду

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 429 | 0

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Ханга карата кезектеги сот өкүмү чыкты. Ал жана анын жубайы Бушра Биби 14 жылга эркинен ажыратылганын эл аралык басылмалар жазууда.

Борбо Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, Имран Ханга 10 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынды. Мындан тышкары аялы экөө үч миллион долларга жакын айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ага бул жолкусунда «мамлекеттик кызматта турганда алган белектерин жашырган» деген айып тагылган.

Dawn басылмасынын маалыматына караганда, Хан премьер-министр болуп турган жылдары чет өлкөлүк лидерлер менен саясатчылардан 108 белек алып, алардын 58ин өзүнө калтырып койгон.

Пакистанда өкмөттүк аткаминерлер башка өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери берген, баасы 100 доллардан ашкан белектерди атайын сактоо жайына – Тошаханга тапшырышы керек. Эгер белекти өзүнө калтырууну кааласа, анда анын баасынын 20% түзгөн сумманы төлөө талап кылынат.

30-январда Карачи соту Имран Ханды жана анын Pakistan Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясынан депутат Шах Махмуд Курешини «мамлекеттик купуя сырды ачыктаган» деген айып менен 10 жылга кескен.

71 жаштагы Хан 2023-жылы августта «акча кымыруу» айыбы менен үч жылга эркинен ажыратылган. Ал дарегине айтылган айыптоолордун баарын четке кагып, саясий куугунтук болуп жатканын айтып келет.

Имран Хан көп жылдан бери оппозицияда жүрүп, 2018-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин өкмөт башына келген. 2022-жылы парламент ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан четтеткен.

Отставкага кеткенден кийин Ханга каршы 50дөн ашык кылмыш иши козголгон. 2023-жылы май айында саясатчы жемкорлук айыбы менен кармалган. Буга байланыштуу өлкөдө жапырт нааразылык акциялар өткөн.

Пакистанда 8-февралга жалпы шайлоо дайындалган. Сот Ханга шайлоолорго катышууга тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM