Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 1-февралда кар жаайт

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 276 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+6, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12.

Бишкекте кечке жуук кар жаашы мүмкүн, туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM