Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети ЖМКлар жөнүндө долбоорду биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 176 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 30-январдагы жыйынында «ЖМКлар жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбооруна комитеттин 8 мүчөсү «макул», 2 мүчөсү: Бактыбек Чойбеков жана Тазабек Икрамов «каршы» добуш берди.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору 55 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Документте 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей турганы айтылат.

Документте белгиленгендей, үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиолор, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.

Жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле «веб-сайттар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш» деген талап коюлган.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Садыр Жапаров 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган.

Бул мыйзамдын долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин эл аралык уюмдар, медиаэксперттер айтып келишүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM