Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде калтырды

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 137 | 0

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу Улуттук банкттын расмий өкүлү Аида Карабаева айтты.

Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда инфляция басаңдаганы байкалууда. Өткөн жылдын декабрында жылдык инфляция көрсөткүчү 7,3 пайызды, ал эми 2024-жылдын январында – 5,9 пайызды түздү.

Азык-түлүк 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайызга өссө, 2024-жылдын январында 1,9 пайызга чейин жогорулаган.

Карабаева белгилегендей, азык-түлүккө дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөөдө, ал эми мунай жана алтын рынокторунда баалардын өзгөрүп турушу сакталууда.

«Кыргызстандын экономикасында жогору жигердүүлүк сакталып турат, 2023-жыл жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 6,2 пайызды түзгөн, бул кызмат көрсөтүүлөр секторунун жана иштеп чыгаруу өнөр жайынын олуттуу салымынын эсебинен калыптанган. Ички суроо-талап жогору деңгээлде сакталууда, бул керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшүнүн, эмгек акылардын жогорулашынын жана акча которуулар агымынын өсүшүнүн натыйжасында шартталган», — деди Карабаева.

Ошондой эле «Коммерциялык банктардын ресурстук базасы арткан. 2023-жылы депозиттик базанын көлөмү салыштырмалуу 27,3 пайызга жогорулап, 431,3 млрд сомду түздү.

Кредит портфелинин көлөмү 2023-жылы 257,8 млрд сомго чейин өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM