Биз менен байланышыңыз

Милициянын убактылуу кармоочу жайындагы журналисттер тергөө абагына которулду

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 180 | 0

Кармалган он бир журналистти эки айга тергөө абагына камоо тууралуу соттун чечими 16-январда чыкканына карабай, милициянын убактылуу кармоочу жайында турган журналисттер 29-январда тергөө абагына которулду. Бул тууралуу журналисттердин жакындары кабарлады.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков 29-январда убактылуу кармоочу жайдагы он бир журналист тергөө абагына которулбаса, бул аракет кыйноо катары кабыл алынарын билдирген.

Борбордун кызматкерлери 24-январда журналисттер кармалып жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышкан.

«Жазык-процесстик кодексине ылайык, тергөө судьясынын чечими дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш», — деп билдирет улуттук борбор.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, кармалган 11 журналисттин баарын 13-мартка чейин абакта калтырган. Алардын баш коргоо чарасы февралда каралары маалым болду.

16-январдын таңында айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM