Connect with us

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 787 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 30-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1,

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…-2 болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM