Биз менен байланышыңыз

Финляндия НАТОго киргенден бери биринчи жолу президент шайлап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 387 | 0

Финляндия 28-январь күнү президенттик шайлоонун биринчи айлампасын өткөрдү. Бул өлкө НАТОго киргенден бери биринчи жолу жаңы лидерди шайлап жатат.

Экинчи турда мурдагы премьер-министр Александр Стубб менен мурдагы тышкы иштер министри Пекка Хаависто президенттикке ат салышат. Маалыматтарга караганда, эки талапкер тең (башка талапкерлер сыяктуу эле) Орусияга карата катуу позицияны карманышат.

Саналган добуштарга ылайык, Стуббду шайлоочулардын 27 пайызга жакыны, ал эми “Жашылдар” партиясынын өкүлү Хаавистону дээрлик 26% ​​колдоду.

Үчүнчү орунду “Чыныгы финдер” партиясынан ашынган оңчул талапкери Жусси Халла-ахо ээледи, ага шайлоочулардын 19% жакыны добуш берди.

Шайлоонун экинчи туру 11-февралда болорун өлкөнүн шайлоо комиссиясы ырастады.

Финляндияда көпчүлүк европалык өлкөлөрдөн айырмаланып, президент тышкы жана коопсуздук саясатын калыптандыруу укугуна ээ. Бул өзгөчө Европа Биримдигине кирбеген өлкөлөр менен, атап айтканда АКШ, Орусия жана Кытай менен болгон мамилелерге тиешелүү.

Москва менен Хельсинкинин мамилеси Орусия Украинага басып киргенден кийин начарлап кеткен. Андан кийин Хельсинки НАТОго кирүү арызын берген. Өткөн жылдын апрель айында Финляндия НАТОнун 31-мүчөсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM